Коомдук тамактануу индустриясы- экономиканын өз алдынча орун алган тармактардын бири. Дүйнөдө коомдук тамактануу индустриясы күндөн-күнгө өсүүдө жана бул сектордо рентабелдүүлүүгү башка тармактарга салыштырмалуу жогору болуп саналат.  Кыргызстанда дагы, коомдук тамактануу индустриясы өлкө экономикасында приоритеттүү секторлордун бири катары таанылат.   Бөлүм меймандостук индустриясынын, түрк тилдүү өлкөлөрдүн жана ошондой эле дүйнөлүк туризмдин эл аралык стандарттарына  толугу менен жооп бере алган, толеранттуулукка тарбияланган жана өздөрүнуүн, түрк тилдүү калктардын каада салттарын сактаган кадрларды даярдоодо маанилүү  салым кошуп келуүдө.  Изилдөөлөрдүн натыйжасында ресторан жана меймандостук индустрия тармактардын эң көйгөй маселеси тажрыйбалуу адистердин жетишсиздиги болгонун көрсөтүүдө. Ошондуктан бул тармакта жогорку квалификациядагы адистерди даярдап чыгаруу чоң мааниге ээ.

"Ресторан иши жана кулинардык өнөр" бөлүмү кызмат көрсөтүү сектору үчүн квалификациялуу адистерди даярдайт. Бөлүм 2007-2008-окуу жылынан баштап бакалавр "коомдук тамактануу ишканаларынын менеджменти" программасы боюнча өз ишин баштады, ал эми 2012-жылдан тартып 600100 "Сервис" багыты боюнча бакалаврларды даярдайт, профили: "ресторандык иш жана кулинардык өнөр".

"Ресторан иши жана кулинардык өнөр" бакалавр программасынын максаты– Кыргызстанда жана эл аралык рынокто талап кылынган ресторан бизнеси чөйрөсүндө атаандаштыкка жөндөмдүү жана практикага дасыккан адистерди (бакалаврларды) даярдоо.

Бөлүмдүн милдеттери:

- Тамак-аш ишканаларын башкаруу боюнча, ошондой эле жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде меймандостук индустриясына карьера жасоо, өздүк ишкананы түзүү жана аны илгерилетүү боюнча билимдерди, көндүмдөрдү берүү;

- Ар бир студентке Кыргызстандын, Түркиянын жана башка өлкөлөрдүн меймандостук индустриясынын мыкты ишканаларында өндүрүштүк практикадан өтүүгө мүмкүнчүлүк берүү;

- Кеминде 4 чет тилин окутуу (англис, немис, түрк, орус);
- Сектор менен таанышуу, квалификацияны жана чеберчиликти жогорулатуу үчүн алдыңкы ашпозчулардан, эксперттерден, ишкерлерден мастер-класстарды, конкурстарды, семинарларды уюштуруу;

Жалпы кесиптик сабактар жана адистештирилген сабактар биринчи курстан баштап жүргүзүлөт: туризмдин негиздери, менеджменттин негиздери, тамак-аш жана санитариянын негиздери, тамак-аш даярдоонун негиздери, тейлөө уюштуруунун негиздери, экология, англис тили, экономика, турмуш-тиричилик коопсуздугу ж.б.  Төртүнчү жылы бакалавриат бүтүрүүчүлөрү бүтүрүүчү квалификациялык (дипломдук) иштин үстүндө иштеп, мамлекеттик комиссиянын алдында корголот.

Бакалавриатты ийгиликтүү аяктаган студенттер коомдук илимдер багыты боюнча магистратурага кире алышат.